Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын четиндеги православдар көрүстөнүндө 12 эстелик талкаланды.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Окуя 5-мартка караган түнү болгон.
"Бул факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренеси менен сотко чейинки тергөө иши башталды. Тергөө ыкчам тобу түзүлгөн, жергиликтүү бийлик, жаштар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чолпон-Ата шаардык чиркөөсүнүн иерейи Александр Дмитриев элге кайрылып, муну кандайдыр бир диний кастык же улуттар аралык пикир келишпестик катары баалообого чакырды”,- деди Сталбек Усубакунов.
Мындай окуя 2 жыл мурун Ысык-Көл районунун Ананьев айылында да катталган. Анда күнөөлүүлөр аныкталып, талкаланган эстеликтер ордуна тургузулган. (KS)
Дагы караңыз
Тихановская абакта ачкачылык жарыялаган активисттерге кайрылдыКыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайтБирмада аскерлер демонстранттарга кайрадан ок атыштыТашиев УКМКга каршылык көрсөтүп кармалгандардын жазасын карап көрүүгө убада бердиТашиев: Эки мамлекеттин кызыкчылыгы менен гана жер алмашылышы мүмкүнЖогорку сот “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Жумагуловду 5 жылга кескен өкүмдү күчүндө калтырды