УКМК: Ташиев Тажикстан менен чек ара маселесин тактоого Кожентке барат

Чек ара

15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согд облусуна караштуу Кожент шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз тараптын делегациясына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылат.

Ал эми тажик тараптан бул өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов катышат.

Бул - эки мамлекеттин атайын кызматынын жетекчилери катышкан чек ара боюнча алгачкы жолугушуу.

Бир ай мурда Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургундар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар чыккан.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казакстан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%) такталган, кийинки маалыматтар боюнча андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталганы айтылууда. (BCh)

Дагы караңыз

Жерүйдөгү фабриканын ачылышына Жапаров барат, Путин онлайн катышатМелис Мырзакматов: Ошто шайлоо таза өтпөйтБШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө 179 ЖМКны каттады“Беш акын” теледолбоору кайрадан башталатБирмада аскер огунан кеминде 18 адам мерт болгону кабарландыТөө-Ашууда бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду«Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген Айбек Осмонов депутаттык мандат алдыБишкекте талаптары башка эки акция өттү