Коронавирус менен алышкан жыл

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар 2020-жылы 18-мартта катталган. Ошол кездеги саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-мартка караган түнү Кыргызстанда оору жугузган үч киши аныкталганын, алар Сузак районунун 70, 62, 43 жаштагы тургундары экенин, Сауд Арабиясында умра сапарына барып келгенин кабарлаган.

Мунун алдында (16-мартта) Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары үч жумага карантинге жабылган жана эл дүрбөлөңгө түшүп базарларда соода кызыган эле.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда алгач оору катталган аймактарда, Ноокат менен Сузак райондорунда карантин жарыяланды. Көп өтпөй өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулуп, Кыргызстан жылдагыдай Ноорузду майрамдабай калды.

25-марттан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтоп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.

Бирок, Кыргызстанда илдет күчөгөн учур июль айына туш келди. Июнь айынын этегинде Кыргызстанда СOVID-19 илдети күчөп, ооруканалар бейтаптарга толду. Бул учур кыргыз тарыхында «кара июль» катары катталып калды. Июлдун ортосунда вирустан бир күндө каза болгондор рекорддук чекке жетип 100 адамдан ашты.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 86 917 адамга жетсе, айыгып чыккандардын саны 83 875 кишини түзөт. Оорудан каза болгондордун саны 1483 кишиге жетти.

"Азаттык" коронавирус пандемиясы менен күрөшкөн учурларда тартылган сүрөттөрүн топтоду. Ээн калган Бишкек, кыргызстандыктардын карантиндеги жашоосу, пандемия учурундагы оор күндөр - булардын баарын сүрөттөр эске салат.

Февраль, 2020-жыл.

Медицина кызматкерлери чек арадан өтүп жаткан адамдардын дене табын өлчөп жатат. "Манас" аэропорту. Февраль, 2020-жыл. 12-мартта өкмөт коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Март, 2020-жыл.

Коронавирустун алдын алыш үчүн коомдук транспортту дезинфекциялап жаткан жумушчулар. Март, 2020-жыл. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бир айдын ичинде Бишкек шаарындагы жүргүнчү ташыган мамлекеттик жана жеке менчик 500 автоунааны, беш мечитти, жети базарды, 15 ашкананы дезинфекциялаган.

Ат-Башыдагы базарлардын биринде унга кезекке турган жарандар. 14-март, 2020-жыл. Марттын башында коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, азык-түлүк тартыштыгы болору жөнүндө маалыматтар тарап жатканына байланыштуу айрым адамдар азык-түлүктү адаттан көп сатып ала баштады. Социалдык тармактарда айтылгандай, бир кап ундун баасы 1450 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлгөн.

Милиция кызматкерлери шаардын кире беришине блокпостторду орнотуп жатат. Жалал-Абад шаары. 21-март, 2020-жыл.

Атайын кызматкерлер Сузак районунун аймагына кирип бараткан жүк ташуучу автоунааны дезинфекциялап жатат.

Тамак-аш алган жарандар баштыктарын дезинфекциялатып жатат. Сузак району. 20-март, 2020-жыл.

Бишкектин кире беришиндеги блокпостто дене табын өлчөтүп жаткан киши. 25-март. Бишкекте коронавируска байланыштуу 25-марттан тартып өзгөчө абал ишке кирди. Буга байланыштуу автобус жана троллейбус каттамдары, такси кызматтары толук токтоп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулду.

Апрель, 2020-жыл.

3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты. Коронавирус аныкталган жарандар Бишкек, Ош шаарларындагы, облустук жана райондук ооруканаларда дарыланып жатышат. СOVID-19 менен күрөшүүдө ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн чет жактан келген гуманитардык жардамдардан сырткары жергиликтүү ишкерлер да көмөк көрсөтүүдө. Айрым жарандар дарыгерлерди ысык тамак менен камсыздап жатат.

Коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам бош калган Ош шаарынын көчөсү. 17-апрель. 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал режими киргизилген. Өзгөчө абалдын шартында түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө, уруксаты жок болсо жумушка барууга тыюу салынган.

Карантинге байланыштуу эрте жазда алган түшүмүн сатуунун жолун таппай же коюлган посттордон өтө албай дыйкандардын түйшүгү арбыды. Араван району. 14-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус жугузуп алгандар менен байланышта болуп, учурда үй карантинде отурган карыянын акыбалын сурап жаткан дарыгерлер. Кара-Суу району. 28-апрель, 2020-жыл.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаар мэриясынын муктаж болгон жарандарды колдоо иши менен таанышып жатат. 20-апрель, 2020-жыл. Карантинден улам чек аралар, жолдор жана базарлар жабылып, жарандар арасында азык-түлүк тартыштыгы жаралды.

Май, 2020-жыл.

Тез татым жайларынын жанында кезекте турган жарандар. Бишкек шаары. 12-май, 2020-жыл. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө абал режими 11-майда алынды. Ал эми жалпы өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими кала берет. 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди.

Июнь, 2020-жыл.

Талас шаарындагы күндүзгү стационарда дарыланып жаткан аял. 9-июнь, 2020-жыл. Талас облусуна коронавирус илдети кеч жетти. Көптөр буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ырааттуу иши себеп болгонун белгилешет.

Июль, 2020-жыл.

6-июль, 2020-жыл. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал күн сайын курчуп, июль айынын башында ооруканалар толуп, бейтаптарды кабыл албай, илдетке чалдыккандар бейтапкананын короосунда көз жумганы тартылган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Ушундан улам өкмөт күндүзгү медициналык стационардык борборлорду ачты. Бишкекте төрт убактылуу күндүзгү медициналык борбор ачылып, ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4000ден 6000ге чейин бейтаптарды кабыл алып жатышты.

Бишкектеги убактылуу ооруканага айланган ресторандын ичиндеги жаш аялдын өпкөсүнүн рентгенограммасын карап жаткан дарыгер. 22-июль, 2020-жыл. Июль айында Бишкекте оору күчөгөндүктөн бейтаптар үчүн түнкү стационарлар да ачылган.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында коронавирустан каза болгон бейтаптын сөөгүн машинеге жүктөп жаткан медицина кызматкерлери. 7-июль. 2020-жыл. Июнь айынын этегинде Кыргызстанда СOVID-19 илдети күчөп, ооруканалар бейтаптарга толду. Бул учур кыргыз тарыхында «кара июль» катары катталып калды. Июлдун ортосунда вирустан бир күндө каза болгондор рекорддук чекке жетип 100 адамдан ашты.

Бишкектеги "Неман" дарыканасына түнү кезекке тургандар. 12-июль, 2020-жыл. Июль айында Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатты. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикоагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болушту.

Медицина кызматкерлери Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде каза болгон аялдын сөөгүн алып чыгып кетип жатышат. 6-июль, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы айттаган аксакалдар. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал режими алына элек. 31-июль, 2020-жыл.

7-август, 2020-жыл. Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августта, дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантты. Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлдү.

Август, 2020-жыл.

Ала-Тоо аянтындагы салтанат. Салтанатка пандемияда иштеген дарыгерлер гана катышты. Эгемендик күнү бул жылы коронавирус пандемиясынан улам ашыкча шаан-шөкөтсүз өттү. 31-август, 2020-жыл.

Сентябрь, 2020-жыл.

Сыналгы менен сабак өтүп жаткан балдар. Жалал-Абад облусу. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейреги да көпчүлүк мектептерде 1-класстан башка класстар үчүн аралыктан башталган. Сентябрь, 2020-жыл.

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деген шек менен кармалып, камакка алынды. Илдет күчөгөн учурда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда кызматтан кеткен. Анын ордуна 17-июнда Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке киришкен.

Октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өттү. (Сүрөттө Талас шаарындагы добуш берүү участокторунун бири).

Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун реанимациясы. 9-февраль, 2021-жыл. Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны азайганы менен эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда.