Дүйнөдөгү баардык мамлекеттердин бийликтери коронавируска каршы эмдөөчү AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпашы керек. Мындай билдирүүнү 12-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму - ДССУ жасады.
Аталган уюмдун өкүлү Маргарет Харрис AstraZenecaны COVID-19 вирусуна каршы "мыкты вакцина” деп атады. Ошондой эле эл аралык уюм препаратты колдонгондон кийин айрым бейтаптарда тромб пайда болот, деген маалымат биротоло бышыктала электигин кошумчалады.
Дагы караңыз Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?Бейшембиден тарта Дания, Исландия, Норвегия жана Таиланд AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү токтотоорун жарыялаган. Буга препарат менен эмделген айрым адамдардын тамырларында тромб пайда болгону тууралуу кабарлар себеп болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келип түшкөн ар бир маалыматты иликтээрин билдирди.
11-мартта Европадагы дары-дармек боюнча агенттик AstraZeneca вакцинасынын кесепети боюнча ачык жана так далил жок экенин жарыялады.
Бул вакцина Британиядагы Оксфорд университетинин адистери менен биргеликте даярдалган. Аны менен Европадагы 5 миллиондон ашык адам эмделди. Компания бардык клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн жана дарынын эч кандай зыяны жок экенин билдирүүдө.
Дагы караңыз
Мыйзамга кол коюлду: Референдум 11-апрелде өтөтФеликс Кулов "7-каналды" жана Топчубек Тургуналиевди сотко бердиМирзиёев: Кыргыз-өзбек чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болдук (видео)Жаатташкан Армения менен Азербайжан бир маалда аскердик машыгуу өткөрөтНавальный Кольчугино абагынан которулганы кабарландыБайден АКШ экономикасына 1,9 трлн. долларлык жардам боюнча мыйзамга кол койду БУУнун баш катчысы дүйнөдөгү ачарчылык коркунучун эскерттиЖапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталды"Паспорт кризиси": Калган төрт миңдей бланкты өкмөт майга чейин жеткирүүнү көздөп жатат