Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси - Муфтий болуу үчүн эки кишиден арыз түшүп, алар талапкер катары катталышты.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин катчысы Акылбек Калыбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин бири - Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев, экинчиси - ислам дин илими боюнча устат Нурбек Токтогулов. Каалоочулардан арыз кабыл алуу 17-мартка чейин уланат.
Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы Муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.
Аалымдар кеңеши 17-февралдан тартып Муфтийликке талапкер болууну каалагандардан арыз кабыл ала баштаган. (NT)
Дагы караңыз
Евробиримдик Гонконгго байланыштуу Кытайга эскертүү бердиЖапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталдыКыргызстанда азык-түлүк баасын турукташтыруу үчүн бюджеттен акча бөлүндү "Паспорт кризиси": Калган төрт миңдей бланкты өкмөт майга чейин жеткирүүнү көздөп жатат Марипов: Паспорт маселесине мамлекеттик кызматкерлер жооптууСадыр Жапаров Өзбекстан менен дары-дармек өндүргөн биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады