Нарында “Хизб ут-Тахрирди” колдогон адам бул уюмдан баш тартты

“Хизб ут-Тахрир” уюмуна мүчө адамдын үйүнөн табылган материалдар.

Нарында экстремисттик уюмду колдоп жүргөн жергиликтүү тургун мыйзамга каршы иш кылганын моюнуна алып, андан баш тартты. Бул тууралуу 12-мартта «Азаттык» радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, “Хизб ут-Тахрир” уюмунун тарапкери болгон ал адам мындай чечимге өзү келип, экстремисттик идеологияны колдоодон баш тартты жана мындан ары тыюу салынган уюмдар менен байланышпоого, мыйзамдуулукту сактоого милдеттенди.

11-мартта Нарында эки адам "Йакын инкар" агымынан чыкканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлаган.

«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.

Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган. (BsB)

Дагы караңыз

Орусияда өрт кырсыгынан кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болдуЖАМК: №1 тергөө абагында бир адам ачкачылык жарыялап, оозун тиктиКоронавирус бир күндө төрт кишинин өмүрүн алды Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алышты