Орусияда өрт кырсыгынан кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда өрт кырсыгынан кыргызстандык мигранттардын эки баласы каза болду. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин Ханты-Мансы аймактык бөлүмүнүн расмий сайтына жарыяланды.

Мекеме билдиргендей, кырсык 11-мартта Сургут шаарында жеке тамдардын биринде болгон. Өрт өчүрүүчүлөр барганча үй жалындап, чатыры урап түшкөн. Каза болгон тогуз жана алты жаштагы ага-карындаш апасы менен таенесинин колунда болушчу. Баары тең Кыргызстандын жарандары экени, өрт чыккан учурда балдар үйдө жалгыз болгону аныкталды.

Учурда балдардын апасына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатат. Сургуттагы кыргызстандыктар да колдоо көрсөтүүдө.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны тышта мигрант болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. (RK)

Дагы караңыз

ЖАМК: №1 тергөө абагында бир адам ачкачылык жарыялап, оозун тиктиКоронавирус бир күндө төрт кишинин өмүрүн алды Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү кабыл алыштыУлуттук банк сатыкка дагы 30,6 миллион доллар чыгарды