Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 11-мартта сатыкка 30 миллион 600 миң доллар чыгарды.
Соңку интервенция 4-февралда жүргүзүлгөн. Анда сатыкка 38 миллион доллар чыгарылган.
28-январда 45 миллион 700 миң доллар сатыкка коюлуп, бул интервенция 2021-жылдагы биринчи жана он айдан берки эң көп суммадагысы болуп калган.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.
Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,89 сомдун тегерегинде болуп жатат.
Улуттук банк доллардын бүгүнкү күнгө белгилеген курсу - 84,80 сом. Ал эми орус рубли - 1 сом 15 тыйын. (RK)
Дагы караңыз
Тажикстанда кар көчкүдөн үч киши каза болдуШаардык кеңештерге шайлоого үгүт башталдыКыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аягына чыгарылатНарындагы абакта оозун тигип алган адам ачкачылыгын токтотту