Шаардык кеңештерге шайлоого үгүт башталды

Кыргызстандын президентин шайлоо учуру. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

Бүгүн, 12-мартта 11-апрелде боло турган 28 шаардык кеңештерге шайлоого үгүт өнөктүгү башталды. 420 айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо жараяны аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында 12-марттан тартып, 28 шаардык кеңешке катышуучу 59 саясий партия үгүт иштерин жүргүзүү укугуна ээ болот.

Үгүт өнөктүгү 10-апрелге чейин созулат.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек-Ташкент: Соода алаканы 2 млрд. долларга жеткиребизКанат Каниметов УКМКга журналисттик ишмердиги боюнча сурак берип чыкканын билдирдиПрезиденттин Өзбекстанга мамлекеттик сапары алкагында 22 документке кол коюлдуМасалиев: Конституцияны кабыл алууда мыйзамдар одоно бузулдуОш: иштен кеткен вице-мэр шаар башчысын сындадыСегизбаев сотко жана тергөөгө ишенбесин билдирдиКыргызстан-Өзбекстан алакасынын жаңы барагыОрусия "Твиттерге" каршы чара көрө баштады