Нарындагы абакта оозун тигип алган адам ачкачылыгын токтотту

Кыргызстандагы абактардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Нарын шаарындагы №24 мекемесинде оозун зым менен тигип, ачкачылык жарыялаган Ү. М. Ж. нааразылыгын токтотту. Бул маалыматты Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев билдирди:

“Биз ага өкүм чыккан күндөн тартып он күн аралыгында облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылса болорун түшүндүрдүк. Ошондон кийин ал ачкачылыгын токтотту”, - деди Жаанбаев.

Акыйкатчы институтуна Кочкор райондук соту тарабынан Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (“Ээнбаштык”), 253-беренесинин 1-бөлүмү (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу”), 254-беренесинин 2-бөлүмү (“Куралды мыйзамсыз даярдоо”) менен айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган Ү.М.Ж. арыз менен кайрылган. Ал Кочкор райондук сотунун өзүн 15 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып пул төлөтүү тууралуу чечимине каршы экенин билдирген.

11-мартта ачкачылык жарыялап, оозун зым менен тигип алган. Сот өкүмү былтыр, ноябрда чыккан.

Ачкачылык жарыялаган адам менен Нарын облустук прокуратурасынын, Кыйноолорго каршы республикалык борборунун жана Акыйкатчынын өкүлү барып жолугуп, сүйлөшкөн.(BsB/ZKo)

Дагы караңыз

Тириг-Бектин илимпоз урпагы Астайбек 75 жаштаМасалиев: Конституцияны кабыл алууда мыйзамдар одоно бузулдуОш: иштен кеткен вице-мэр шаар башчысын сындадыОоганстанда кыздарга коомдук жерлерде ырдоого тыюу салындыСегизбаев сотко жана тергөөгө ишенбесин билдирдиКыргызстан-Өзбекстан алакасынын жаңы барагыОрусия "Твиттерге" каршы чара көрө баштады