Конгресс пандемиядан жабыркагандарга жардам берүү пакетин кабыл алды

АКШ Конгресси. Вашингтон, 10-март 2021-жыл

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы пандемиядан жабыркагандарга экономикалык жардам көргөзүү пакетин кабыл алды.

Дээрлик 2 триллион долларга бааланган планды президент Жо Байден сунуш кылган. Документти демократтар гана жактырышты, бир да республикачыл мыйзам чыгаруучу аны колдогон жок.

Бөлүнгөн каражат эмдөө, чакан бизнести колдоо, жумушсуздарга, балдарга жөлөк пул төлөөгө сарпталмакчы. Америкалык маалымат каражаттары санап чыгышкандай, жардамды тигил же бул көлөмдө үй-бүлөлөрдүн дээрлик 90 проценти алат.

Буга чейин президенттин сунушун сенат колдоп, айрым түзөтүүлөрдү киргизип, төмөнкү палатага экинчи кароого жөнөткөн. Байден документке 12-мартта кол коет деп күтүлүүдө.

Планды сындагандар сунуш кылынган бюджет өтө масштабдуу, каражаттын көбү коронавируска тиешеси жок маселелерди чечүүгө жумшалышы мүмкүн деп чочулашат.

Дагы караңыз

Депутат Төрөкуловду камактан чыгаруу себептери айтылдыКытайдын Алматыдагы консулдугунун жанында пикет уланды Депутат Төрөкулов үй камагына чыгып, Конституция карала турган жыйынга катышуудаВандагы билимге умтулган кыргыз жаштарыСарыгул: Түркия чакан ишкердикти мыкты өздөштүргөн өлкө