Туура бир жыл мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун жайылышы пандемиянын деңгээлине жеткенин жарыялаган.
Андан үч ай мурун Кытайда жаңы вируска чалдыккандардын биринчи учурлары тууралуу кабарланган. Пандемия жарыяланганда көптөгөн өлкөлөрдө ишканалар, кеңселер, окуу жайлар жабылып, миллиарддаган адам катуу чектөө шартында жашап калган. Экономикалык ишмердик дээрлик токтоп, мамлекеттер ортосунда каттам үзгүлтүккө учураган.
Ошондо ДССУнун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус "ооруп калгандар, илдеттен көз жумгандар көбөйөт деп күтүлүп жатканын" эскерткен.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда пандемия 2,6 миллион кишинин өмүрүн алып кетти. Инфекцияны 118 миллион киши жугузуп алды. Бирок бул сандар иш жүзүндө алда канча жогору экени айтылып жүрөт.
Дагы караңыз
Президенттикке ат салышкан 11 талапкердин 11 миллион сомдук күрөөсү мамлекетке которулдуЭлетти сулуулукка бөлөгөн мода көргөзмөсүТИМ: Кыргыз-өзбек өнөр жай кооперациясынын “Жол картасы” түзүлүүдөАбактарда медициналык тейлөөнүн абалы жакшы эмесЖогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум тууралуу мыйзамды толук колдоду