Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы сапары учурунда. 3-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өзбекстандын Олий мажилисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен да жолугушуулар белгиленген.

Ташкентте Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форуму да өтмөкчү.

Садыр Жапаров баштаган делегациясына өкмөттүн курамы дээрлик толук кирген.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, министрлер, депутаттар, өкмөттүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Чек ара кызматынын жетекчилери, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев бар.

Дагы караңыз

Депутат Бакиров: Өкмөт иштебей жатат, кымбаттоо чоң чыңалууга алып келетТуш кийиз философиясын жайылткан akbata.online санарип долбоору башталды Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүн жетектейтБаш мыйзам: абактагы депутат парламентке келди