Орусияда курулуш тармагына жумушчулар жетишсиз

Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Екатеринбург, Орусия. Июль, 2020-жыл.

Орус бийлиги курулуш тармагына 1,2 млн. жумушчу жетпей жатканын билдирди. Буга коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын жабык болгону себеп болууда.

9-мартта Орусиянын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллин өлкөнүн айрым аймактары жумуш орундарын орус жарандарынын эсебинен толтурууга кудуретсиз экенин айткан.

Орусияга кирүүдөгү чектөөлөрдөн улам көптөгөн курулуш компаниялары өлкөнүн Курулуш министрлигине кайрылып, мигранттарды ишке тартууга көмөк көрсөтүүнү сураган.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык ушул тапта 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоодо турат. Расмий эмес маалыматта Орусияда милллиондой кыргыз мигранты жүргөнү айтылып келет.

Расмий маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) 598 млрд. сомду түзгөн. Анын ичинен 197 млрд. сому мигранттар которгон каражат. Башкача айтканда, былтыр эмгек мигранттардан 2,3 млрд. доллар келген. Бул ИДӨнүн 30% түзөт. Анын көбү Орусияда жүргөн журтташтарга туура келет.

Дагы караңыз

Шинжаң: АКШ "геноцид", Кытай "абсурд" дедиБамианда талиптер жардырган Будданын байыркы айкелдерин эскериштиПакистанда эмдөөнүн экинчи этабы башталдыАрменияда армия жетекчилери Пашинянды кызматтан кетүүгө кайрадан чакырыштыАКШнын Нур-Султандагы элчилиги Шинжаңдан качкандардын коопсуздугун камсыздоого чакырды Кара-Кулжанын Буйга айылындагы мектеп өрттөнүп кеттиТүркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскерттиЕвропарламент Венгрия, Польша жана Словениядагы медиа эркиндикти талкуулайт Жарандык коомдун өкүлдөрү Конституция боюнча тынчсыздануусун билдириштиДепутат Алтыбаева: "Достук" чек ара бекетинде пара алуу улануудаКой-Таш окуясы боюнча ишти териштирүүнүн мөөнөтү 2 айга узартылды