Өзбекстан бир күндө Казакстанга 490 жумушчу жөнөттү

Курулушта иштеп жаткан өзбекстандык мигрант. Нижний-Новгород шаары. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

7-мартта каракалпакстандык 490 киши Казакстанда курулушта иштөө үчүн «Давид ота» чек ара бекети аркылуу Актау шаарына чыгып кетти. Өзбекстандын Тышкы миграция агенттиги билдиргендей, мигранттарды жумуш орундары менен камсыздоо алдын ала макулдашылган.

Жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бекер камсыздандыруу полисине жана кызмат көрсөтүү келишимине кол коюлган.

25-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзбек-казак өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн эки өлкөнүн эмгек мигранттарынын ишмердүүлүгү менен алардын укугун коргоо жөнүндө келишимди бекиткен.

Документте эмгек мигранттарына маяна төлөө жана кирешелеринен салык кармоо, пенсия жана социалдык жактан камсыздоо, иш учурунда өлүп же майып болуп калган учурда кенемте төлөө маселелери жөнгө салынган.

Дагы караңыз

Шинжаң: АКШ "геноцид", Кытай "абсурд" дедиБамианда талиптер жардырган Будданын байыркы айкелдерин эскериштиПакистанда эмдөөнүн экинчи этабы башталдыАрменияда армия жетекчилери Пашинянды кызматтан кетүүгө кайрадан чакырыштыАКШнын Нур-Султандагы элчилиги Шинжаңдан качкандардын коопсуздугун камсыздоого чакырды Кара-Кулжанын Буйга айылындагы мектеп өрттөнүп кеттиТүркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскерттиПашинян Гаспарянды кызматтан алдыЕвропарламент Венгрия, Польша жана Словениядагы медиа эркиндикти талкуулайт