Кыргызстан Орусиядан 460 миң тонна бензин алат

Иллюстрациялык сүрөт.

Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдерге ылайык, 2021-жылы Орусия Кыргызстанга 50 миң тонна мунай, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 100 миң тонна учактар үчүн атайын күйүүчү май берет.

Бул тууралуу Отун, өнөр жай жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 12 сомго кымбаттады. Муну нефтетрейдерлер дүйнө жүзүндө мунайдын баасы өсүп жатканына байланыштырууда.

Күйүүчү май таңсыктыгынын алдын алуу үчүн кыргыз өкмөтү 1-марттан тартып аны ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизген.

Кыргызстан жылына 1,2 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Анын 20% гана жергиликтүү мунай заводдору жабат. Калганы негизинен Орусиядан келген күйүүчү май. Казакстан жазгы талаа иштери учурунда күйүүчү майды экспорттоого тыюу салган.(ZKo)

Дагы караңыз

Шинжаң: АКШ "геноцид", Кытай "абсурд" дедиБамианда талиптер жардырган Будданын байыркы айкелдерин эскериштиПакистанда эмдөөнүн экинчи этабы башталдыКара-Кулжанын Буйга айылындагы мектеп өрттөнүп кеттиПашинян Гаспарянды кызматтан алдыТүркия «гүленчилерди» Жапаровдун бийлигине да эскерттиЖарандык коомдун өкүлдөрү Конституция боюнча тынчсыздануусун билдириштиКой-Таш окуясы боюнча ишти териштирүүнүн мөөнөтү 2 айга узартылды