Ооганстанда Бамиан өрөөнүндөгү Будданын байыркы айкелдери талиптер тарабынан жардырылганына 20 жыл болду. 9-мартта 6-кылымга таандык тарыхый жана маданий мурасты эскерүү иш-чарасы өттү.
“Будда менен түн” деген долбоордун алкагында жок кылынган айкелдердин элестери 3Д мерчеминде чоң экрандан көргөзүлдү. 55 жана 37 метрлик бийиктиктеги айкелдер аскаларга чегилип жасалган.
Ооганстандын Маалымат жана маданият министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Тахир Захир байыркы мурасты кыйратууну “100 жылдыктын эң чоң маданий кылмышы” деп атады, жана ал карасанатайлыкты жасагандарды жоопко тартууга чакырды.
Дагы караңыз Ооганстандагы Будда эстеликтери боюнча ЮНЕСКО жаңы долбоор даярдады2001-жылдын март айында Талибандын 5 жылдык режими кыйроо алдында турган кезде ашынган эскичил исламчыл топтун жоочулары Будданын айкелдерин исламга жат “жалган идолдор” деп жекирип, атайын жардырып жиберишкен.
Эл аралык коомчулук бул варвардык жардырууну катуу айыптаган болчу.
Кыргызстанда да Мамлекеттик тарых музейинде сакталган көөнө мумия жакынкы эле жылдары кыргыз бүбү-бакшылардын шыбыштоосу менен Бишкектен Баткен аймагына шашылыш алынып барып көмүлгөндө, окумуштуулар бул кылмыштуу окуяны Бамиандагы 2001-жылкы окуяга салыштырышкан, бирок бул жорук үчүн эч ким жоопко тартылган эмес.
Дагы караңыз
Арменияда армия жетекчилери Пашинянды кызматтан кетүүгө кайрадан чакырыштыЕвропарламент Венгрия, Польша жана Словениядагы медиа эркиндикти талкуулайт Кара-Кулжанын Буйга айылындагы мектеп өрттөнүп кеттиКой-Таш окуясы боюнча ишти териштирүүнүн мөөнөтү 2 айга узартылдыДепутат Алтыбаева: "Достук" чек ара бекетинде пара алуу улануудаЖарандык коомдун өкүлдөрү Конституция боюнча тынчсыздануусун билдириштиУКМКнын атына жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалдыСадыр Жапаров: Түркия менен бир катар маанилүү маселелер чечилди