Бишкекте Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган концерт болот

“Миң таазим Абай акынга” аттуу чоң программадагы концерт бүгүн саат 18:30да Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, Казакстан менен маданий байланыштын алкагында уюштурулуп жаткан иш-чара Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына арналган.

Кечеде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашат.

Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын маданият министрликтеринин өкүлдөрү да катышмакчы.

Казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы Казакстанда 2020-жылы белгиленген. (MZh)

Дагы караңыз

УКМКнын атына жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалдыНур-Султан, Алматы шаарларында коронавирус тез жайылуудаБашкы прокуратура блогер Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты Садыр Жапаров: Түркия менен бир катар маанилүү маселелер чечилди