Кыргыз Эл сүрөтчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Нурдамир Коңурбаев 9-мартта 81 жаш курагында көз жумду.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев билдирди.
Коңурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Фрунзе көркөм-сүрөт окуу жайын, Ленинграддагы И. Репин атындагы сүрөт академиясынын сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган.
1976-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаш сүрөтчүлөр ассоциациясын жетекчиси жана Сүрөтчүлөр союзунун төрагасынын орун басары болгон.
Коңурбаевдин эмгектери Орусиянын Эрмитаж, Третьяков галереяларында, Москва шаарындагы Чыгыш музейинде, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде, А. Кастеев атындагы Казак мамлекеттик искусство музейинде, Кыргызстандагы, чет мамлекеттердеги жеке коллекцияларда сакталат.
Анын сөөгү качан жана кайсы жерге коюлары тууралуу маалымат айтыла элек. (MZh)
Дагы караңыз
Кыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөтБейшеналиев: Коронавируска каршы вакцинаны күтүп жатабыз Садыр Жапаров: Түркия менен бир катар маанилүү маселелер чечилдиЖергиликтүү кеңештерге шайлоо бул ирет курч өтөт