Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшөкеевдин айтымында, Жапаров Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт:
“Кыргызстан менен Өзбекстан стратегиялык өнөктөштөр экенин белгилеп кетейин. Биз өз ара байланыштардын бардык чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги кызматташтык менен мүнөздөлгөн ынак коңшулук жана достук мамилелерибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана бекемдөө ниетиндебиз”.
Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине да катышат.
Кыргызстанда 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкан. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык негиз болгон. Жапаров быйыл 10-январдагы президенттик шайлоону уткан. Кыргыз мамлекетинин башчысы катары ал алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келди. (RK)
Дагы караңыз
Ошто ишкер аялдарды колдогон өнөктүк башталдыАКШ Орусияны вакцинанын айланасындагы "жалган маалымат" үчүн айыптады"Жалал-Абад" аба майданынын жанындагы жаңы үйлөрдүн мыйзамдуулугу талкууланды10-марттын аба ырайыБакуда аялдардын акциясын полиция күч менен таркаттыСириянын лидери Асад жана анын жубайы коронавируска кабылды