Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттиги Sputnik Vни текшерип бүтөлектигин билдирди

Коронавируска каршы вакцина (Иллюстрациялык фото)

Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө коронавируска каршы Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасын каттабай турууну ишаары кылды.

Мунун себеби - агенттик вакцинанын коопсуздугу боюнча текшерүүнү аяктай элек. Аталган органдын башчысы Криста Виртумер-Хох 7-мартта Австриянын телеканалына берген интервьюсунда “Биз карап чыгышыбыз үчүн документтер керек. Ошондой эле эмделген адамдар жөнүндө да маалыматтар жок болуп жатат”,- деп билдирди. Агенттиктин башчысы бардык текшерүүлөр бүткөн соң гана вакцинаны колдонууга уруксат берилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Европдагы Дары-дармекти көзөмөлдөгөн регулятор 4-мартта Sputnik V вакцинасын текшере баштаганын кабарлаган. Анын жыйынтыгында препарат натыйжалуу жана коопсуз деп табылса Евробиримдиктин 27 өлкөсүндө колдонууга уруксат берилиши мүмкүн.

Европа Биримдигинде 450 миллиондон ашык адам жашайт. Буга чейин уюм коронавируска каршы Pfizer/BioNTech, Moderna и AstraZeneca вакциналарын каттоодон өткөргөн.

Дагы караңыз

Рим папасынын Иракка сапары карыды Блинкен Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча сунуштарын Ашраф Ганиге жолдодуАкимдерди аттестациядан өткөрүү 11-мартта Нарындан башталатКоронавирус дагы 33 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумдуШвейцария: Референдум паранжага каршылар көптүгүн көрсөттүЖапаров: аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттырууга аракет кылып жатабызБишкекте аялдардын укугун коргоо маршы өтүп жатат