Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Алгач аттестация Нарын облусунан башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Маматалиевдин айтымында, район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерет. Комиссия акимдер жана орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милиция, атайын кызмат жана бейөкмөт уюмдарынан алынган маалыматтар менен таанышып чагыт.
“Аттестацияны жүргүүзүү онлайн форматында болуп Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында илинет. Каалаган адамдар көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар”, - деди Маматалиев.
Дагы караңыз
Марипов: Жакында мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтөт29-январда президент Садыр Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Аны Өкмөт башчы Улукбек Марипов мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатындагы жарлык деп түшүндүргөн. (TSh)
Дагы караңыз
Педагог Жооданбеков: Аялдардын укугун коргоо бир күн менен чектелбеши керек (жүрүштөн видео) Бишкекте аялдардын укугун коргоо маршы өтүп жатат Бишкекте шайлоо участкаларынын биринин төрайымы тонолгону кабарландыОшто аялдардын укугуна арналган тынч жүрүш өттү