Бишкектеги №1101 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Нурзада Абдылдаеваны 6-мартта көчөдөн тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Маматовго Абдылдаева милицияга 8-марттан кийин арыз жазарын айткан.
“Мен сүйлөштүм, Октябрь районундагы бала бакчалардын биринде иштейт. Мен жакшы тааныйм, 2005-жылдан бери иштейт. Жакында эле жабдууларды кабыл алышкан экен. Баштыгын коркутуп туруп, жулуп кетиптир. Өзү аябай коркуп калган экен. Баштыкта акча каражаты жана №1101 шайлоо участкасынын мөөрү бар экен. Ал мөөрдү журналист Канат Каниметов таап алыптыр. Мөөр шайлоодон башка эч нерсеге колдонулбайт. Эжеге майрамдан кийин арыз жазыңыз дедим”, - деди Маматов.
Журналист Канат Каниметов №1101 шайлоо участкасынын мөөрүн Бишкектеги көчөлөрдүн биринен таап алганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.
11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген. (TSh)
Дагы караңыз
Ошто аялдардын укугуна арналган тынч жүрүш өттүКыргызстанда “Ишкер аялдарды колдоо” акциясы башталдыКоронавирус дагы 33 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумдуЖапаров: аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролун арттырууга аракет кылып жатабыз