Казакстандын Алматы шаарында 9-марттан тартып эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Тиешелүү токтомду шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин 6-мартта кабыл алды. Буга калаадагы коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал себеп болгону кабарланды.
Токтомго ылайык, Алматыда шейшембиден тартып көргөзмө, форум, конференция, той-топур жана майрамдык корпоративдер сыяктуу массалык иш-чаралар өтпөшү керек. Мындан тышкары башкы санитардык дарыгер соода жайларында социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу эрежелери канчалык сакталып жатканын текшерүү үчүн санитардык кайгуул кызматтарын түзүүнү да сунуштады. Азырынча мындай чектөөлөр канчага созулары белгисиз.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 7-мартта билдиргендей, өлкөдө соңку бир сутка ичинде 802 адамдан коронавирус табылды. Алардын эң көбү же 185и Алматы шаарынын тургундары.
Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирусту жугузуп алганы ырасталган жана анализинен вирус табылбаса да “COVID-19 сымал пневмониядан” жабыркаган адамдардын жалпы саны 267 миңден ашты. Расмий статистика боюнча, илдеттен 3,4 миңдей адам көз жумду. Бирок буга чейин казакстандык активисттер бийликтин расмий маалыматынан күмөн санашкан.
Дагы караңыз
Рим папасы Ирактын ИМдин жоочуларынан бошотулган аймактарын кездиОшто ар ишемби азык-түлүк жармаңкеси өтмөй болду Польшада автобус кырсыгында алты украиналык көз жумдуӨз жанын кыйган өспүрүм окуучуларды ыйлаттыБишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" деген аталышта кезектеги жүрүш өттү