Ош шаарында апрелге чейин ар ишемби күнү азык-түлүк жармаңкеси өткөрүлмөй болду. Анын мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу мэриянын каржы, инвестиция жана экономика бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов билдирди.
6-мартта борбордук аянтта жармаңке уюштурулуп, ага калаадагы эт комбинаттары, ун заводу жана кайра иштетүүчү бир нече ишканалар азыктарын коюшту.
Жармаңкеге дыйкандар жана жеке ишкерлер жер-жемиш, мөмө-жемиш, эт продукцияларын алып чыгып, базар наркынан арзандатылган баада сатышты.
Талант Кайымовдун айтымында, жармаңкеде өзгөчө суроо-талап эт менен жер-жемиштерге болду.
Бааларды Монополияга каршы күрөшүү кызматы аныктаган: эт - 420 сом, картошка - 15-25, сабиз, шалгам - 15-22 сом.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясынын шартында азык-түлүктүн баасы улам өсүп жатат. (MrA)
Дагы караңыз
Кыргызстандагы кымбатчылыктын беш себебиЖалал-Абадда "Жаз жармаңкеси" ачылдыСом кунун жоготуп, азык-түлүк кымбаттадыКартошка, өсүмдүк майы, эт, кумшекер, жумуртка кымбаттады Кыргыз базарын кымбатчылык бастыӨкмөт: Азык-түлүктүн баасы боюнча абал татаал