7-мартта Швейцарияда коомдук жайларда бетти толук жаап жүрүүгө тыюу маселеси боюнча референдум өтүүдө.
Референдумдун алдында өткөрүлгөн сурамжылоо "каршылар" жана "колдогондор" болуп элдин пикири тең бөлүнгөнүн көрсөткөн.
Эгер бул эреже күчүнө кирсе, нааразылык акцияларында да бетти толук жабууга тыюу салынат. Бирок тыюу салууну көздөгөн демилгечилер негизги маселе - өтө консервативдик көз караштагы мусулман аялдар кие турган никаб же паранжага байланыштуу экенин айтып келишти.
Эгер жарандар тыюу салууну колдоп беришсе, эркектер аялдарды никаб кийүүгө мажбурлай алышпайт.
Сыйынуучу жайларда, саламаттык менен байланыштуу учурларда жана салттуу карнавалдарда бетти жапса болот.
Швейцария өкмөтү мындай чара туристтердин санын азайтышы мүмкүн экенин айтып, ага каршы пикир билдирген. Мындан тышкары сынчылар паранжага чектөө коюу - диний эркиндикке каршы келерин билдиришүүдө.