Польшада автобус кырсыгында алты украиналык көз жумду

Польшада украиналыктар бараткан автобус кырсыкка кабылып, алты киши жан берди, 41и жараат алды. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ондогон адам бараткан автобус арыкка кулап түшкөн.

Окуя 6-мартта Польша менен Украинанын чек арасына жакын Ярослав шаарында болгон. TNV24 телеканалы Украинанын мамлекеттик номуру тагылган автобуста 57 киши баратканын маалымдады. Авариянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бериле элек.

Польшада көп сандаган украин мигранттары иштешет.