Украинада коронавирус ылдам жайылууда

Беткап тагынып бараткан адам. Киев, март, 2021-жыл.

Украинада коронавирус ылдам темпте тарап жатат. 6-мартка карата соңку бир суткада 9 миңден ашуун адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

"Интерфакс" агенттиги саламаттык сактоо министри Максим Степановго таянып кабарлагандай, бир күндө 156 бейтап көз жумду.

Соңку бир аптада Украинада ооруга чалдыккандардын саны күн сайын 5 миңден 10 миңге чейин жетип турду.

Пандемия башталгандан бери бул өлкөдө 1 млн. 400 миңдей адамга коронавирус жугуп, 27 миңге жакыны көз жумду. 1 млн. 194 миңдейи айыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 6-мартка карата 116 миллиондон ашты. Алардын 2 млн. 580 миңден көбү жашоо менен кош айтышты.

Дагы караңыз

Жусупалиев: Чыгарма адамдын жүрөгүнө өз тили менен жетет (аудио)КЭР: ШУАРдагы жергиликтүү элге жаңы кысым Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы тууралуу пьеса даярдалдыСадыр Жапаров Ташкенттен кийин Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кытайга баратСоңку бир суткада дагы 55 адамдан коронавирус чыкты, бир бейтап көз жумду