Соңку бир суткада дагы 55 адамдан коронавирус чыкты, бир бейтап көз жумду

Коргоочу кийимчен медкызматкер.

6-мартка карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда дагы 55 адамдан коронавирус табылды. Ысык-Көл облусунда бир бейтап көз жумду. Мурда ооругандардын арасынан 60 адам сакайды.

Илдет жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 вирусун жуктургандардын саны расмий эсепте 86 506га жетти. Алардын 83 484 сакайып, 1471и жашоо менен кош айтышты.

Ооруканада 17 бейтап өтө оор, 83ү оор, 240ы орточо оор абалда жатканын Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 6-мартка карата 116 миллиондон ашты. Алардын 2 миллион 580 миңден көбү жашоо менен кош айтышты.

Бир катар мамлекеттерде илдетке каршы эмдөө башталды. Кыргызстанда быйыл марттан вакцинаны камдап, жайында эмдөө башталары расмий кабарланган. (SE)

Дагы караңыз

Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттадыДССУ: "AstraZeneca" вакцинасы коопсуз COVID-19: Кыргызстан «AstraZeneca» вакцинасын тандады, алгачкы 504 миң доза мартта келет