Кыргызстан | Жаңылыктар (04.03.2021) "Бүгүн Азаттыкта"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды. Калиева Тартип комиссиясынын чечими "мыйзамсыз кабыл алынганын" билдирди. Жалал-Абадда алты киши ууланып каза тапты. Дарыгерлердин баштапкы маалыматына караганда, уулануу спиртке суу кошуп ичкенден болгон. Бирмада аскердик хунтага каршы акцияларда кеминде 38 адам өлтүрүлгөн. Улуттар Уюмунун чабарманы 3-мартты “эң кандуу күн” деп сыпаттады.