«Азаттык» радиосунун «Бийлик сырлары» берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова болду.
Интервьюда ал кантип коммунист болгону, соттон профсоюз уюмун жетектөөгө өткөнүнүн себептери, Акаевдин президент болууга укуктуулугу, Максим Бакиев жетектеген Өнүгүү агенттигинин мыйзамдуулугу ж.б. суроолорго жооп берет.
- Чолпон Турсуновна, коомчулукта экс-президент Аскар Акаевдин үчүнчү мөөнөткө мыйзамсыз шайланышына Конституциялык соттун төрайымы катары Чолпон Баекова жол ачып берген, деген пикирлер көп. Аскар Акаевди 2005-жылы шайлоого катыша алат, деп корутунду чыгарууда Конституциялык сот канчалык өз алдынча чечим чыгарды эле, же Ак үйдүн таасири болду беле?
- Мен кесе эле айтып коёюн - ал учурда Ак үйү, "Көк үйү" же "Боз үйүбү" - бизге таасир бере ала тургандар болгон эмес, көрсөтмөлөр берилчү эмес. Ал тараптан суроо туулган мезгилде “баары мыйзам чегинде чечилет” деген жоопторду алышчу. Ошондуктан биздин ал учурдагы чыгарган чечимдерибиз мыйзамдуу жана негиздүү.
Мен дааналап дагы айтып берейин. Акаев биринчи жолу Жогорку Кеңеште президент болуп шайланган. Бизде физик саясатчылар экиге бирди кошо албай ар кандай түшүндүрмөлөп келатышат. Кыргызстан өз Конституциясын 1993-жылы 5-майда кабыл алды. Акаевдин ага чейинки шайланганы ал Конституцияга кирбейт. Ошол Конституцияга ылайык Акаев 1995-жылы биринчи жолу президент болуп шайланып жатат. 2000-жылы экинчи жолу шайланган...
- 2005-жылы Конституциялык сот чыгарган корутунду, чечим Акаевди үчүнчү мөөнөткө барууга жол ачып эмеспи? Баш мыйзам боюнча бир адам эки жолу гана президент болуп шайлана алат, деп турбайбы?..
- Силер туура эмес эсептеп жатасыңар. Биз Акаевдин шайланганга укугу бар, деп корутунду бергенбиз. Бирок ал шайлоого барабы же жокпу, ага анын абийири жол береби, ал башка маселе...
- Сиз 2008-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп келип, вице-спикерликке шайландыңыз, Конституциялык соттун төрайымдыгынан вице-спикер болууга кандайча макул болдуңуз?
- Менде депутат же вице-спикер болоюн деген ниет жок болчу. Ошондо бир топ кишилер келип, “сиздин конституциялык соттогу мөөнөтүңүз аяктап жатыптыр, депутат болуп келип, мыйзам чыгаруу жагынан сизде чоң тажрыйба бар, бизге баш-көз болуп, жол көрсөтүп турбайсызбы” деп сурангандарынан улам макул болуп, парламентке келип калгам...
- Президент Бакиев өз бийлигин бекемдөө боюнча мыйзамсыз чечимдерге баргандыгы айтылат. Мисалы, баласы Максим башында турган Өнүгүү жана Инвестициялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) түзүү жарлыгы канчалык мыйзамдуу болгон, же мыйзамсыз экендигин депутат катары айта алдынызбы?
- Менин президенттин жарлыгына андай-мындай деп айтууга, ревизия кылууга кандай укугум бар? Мен “мамлекет башчынын жарлыгы туура эмес болсо Конституциялык сотко кайрылгыла, өзүңөрдун туура экендигиңерди далилдегиле” деп дайыма айтчумун...
(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.