Бишкектеги менчик "Бикард" кардиологиялык клиникасы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир нече күндөн бери бул ооруканада жатканын ырастады.
Аталган клиниканын өкүлү Елена Баялинова "Азаттыкка" Матраимовдун абалы улам өзгөрүп жатат деди:
"Бишкектеги "Бикард" кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери айткандай, бейтап ооруканага кан басымы оор абалда келип түштү. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, бейтаптын абалы стабилдүү болбой жатат. Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Балким, башка да анализдер талап кылынат, бөйрөк кан тамырлары текшерилет. Абалы ушундай болгондуктан жакшы болуп калгыча медициналык кароого алынат".
Дагы караңыз
«Ала-Арчадагы» ак сарайдын таржымалыМамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.
Райымбек Матраимовдун 24-февралда абалы начарлап, Бишкектеги менчик ооруканалардын бирине жаткырылганы кабарланганы менен клиниканын аты ачыкталбай келген.
Коронарография – жүрөктүн кан тамырлары менен артерияларын рентген аркылуу изилдөө. (BCh)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дагы караңыз
«Ала-Арчадагы» ак сарайдын таржымалыПрокурор: Матраимов 16 761 машинанын ар биринен орточо 860 доллардан алганМатраимов күнөөсүн моюнуна алды, жазадан кутулду (видео)Маалыматты жашыруунун мандемиМатраимовдордун адвокаты судья болду