Аксыда ууланып каза болгондор алты адамга жетти

Иллюстрациялык сүрөт

Аксы районундагы Кара-Суу айылында уулануудан алты адам каза болгону белгилүү болду.

Буга чейин 4-марттын түнүндө төрт киши ооруканага жеткирилип, үчөө жолдо каза таап, бирөө реанимацияда жатканы кабарланган.

Дагы үч киши үйүнөн каза тапканын "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

2-мартта Кара-Сууда жыйырмага чукул адам айылдык ашканада бешбармак, салат менен тамактанган. Спиртке суу кошуп ичишкен.

Азыркы тапта райондук санитардык- эпидемиологиялык кызматы, аймактык оорукананын дарыгерлери иликтөө жүргүзүп жатат.

Райондук ички иштер бөлүмү уулануу фактысын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. (BCh)

Дагы караңыз

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук бердиДепутат Райымкулов «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону сунуш кылдыАламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүнө каршы пикет болдуКремлди түнөрткөн санкцияларАрменияда Пашиняндын отставкасын талап кылган оппозициянын митинги өттү