Коронавирустан каза болгондор катталган жок

Бишкектеги коопсуздук чарасы

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-марттагы маалыматына караганда, коронавирус 54 адамдан табылды.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 410 адамга жетти. Вирустан айыгып чыккандардын саны - 83 325.

Азыркы тапта ооруканада 368 бейтап бар, алардын 98инин абалы оор, 17си өтө оор абалда дарыланып жатат. Үйүнөн 258 адам дарыланууда.

3-мартка карата медицина кызматкерлерине коронавирус жуккан учур катталган жок.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны - 4205. Анын 4186ы айыгып чыкты.

Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

Дагы караңыз

Өзбекстанда 8-мартка карата 14 аял абактан бошотулдуШвециядагы кол салуу теракт деп сыпатталуудаМьянмадагы нааразылык акцияларын күчтөп таратууда 38 адам набыт болдуТартип комиссиясы Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берүү маселесин карайтБаткенде чек арадан мыйзамсыз күйүүчү май алып өтүүгө аракеттенген жарандар кармалды