Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан төрт жүк ташуучу автоунаа кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. Айдоочулардын жүк ташууга уруксат берген тиешелүү документтери болгон эмес.
Аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып бараткан. Ошондой эле автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгон, Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүрүшкөн.
Учурда бул фактыга тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Кыргыз өкмөт башчысынын 2-марттагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизилди.(ZKo)
Дагы караңыз
Навальный "Кольчугино" тергөө абагына которулганы белгилүү болду Орбан жетектеген "Фидес" Европарламенттеги ири партиядан чыктыКызыл чеке кылган референдумдун жол-жобосуКөлбаевдин иши: Акчага айырбашталган эркиндикИрактагы эл аралык коалициянын базасына ракетадан чабуул коюлдуКыргыз-казак алакасы бапестөөгө муктажСот департаментинин статс-катчысы кармалды