«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму журналист Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча Сауд Аравиянын ханзадаасы Мухаммед бин Салман баштаган бул өлкөнүн бир нече жетекчисине каршы Германиянын бийлигине кайрылды. Арыз 1-мартта Карлсруэ шаарындагы прокуратурага жолдонду. Анда Хашогжинин өлүмү адамзатка каршы кылмыш катары саналып, саудиялык 20дан ашуун журналисттердин мыйзамсыз кармалганы да айтылат.
“Жамал Хашогжинин өлүмү жана Сауд Аравиядагы журналисттерди куугунтуктаганга күнөөлүүлөр өз кылмышы үчүн жооп бериши керек”-деп белгиленген “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун башкы катчысы Кристоф Делуардын билдирүүсүндө.
Германиянын прокуратурасы арызды кабыл алганын жана учурда анын укуктук жагдайлары иликтенип жатканын билдирди. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык адамзатка каршы кылмыш деп табылган иштерди кайсы жакта жасалганына карабай иликтөөгө жол берет.
«The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн.
Мухаммед бин Салмандын авторитардык саясатын аёосуз сындаган журналист Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна документ алуу үчүн келгенде өлтүрүлүп, сөөгү жиликтелген.
Аны өлтүрүү учурунда жазылган аудиону Түркиянын атайын кызматы кийинчерээк журналисттерге шардана кылган болчу.
Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот жүрүмүндө 11 киши жазага тартылган.
Жакында АКШнын Улуттук чалгын кызматы оппозициячыл журналисттин өлтүрүлүшүнө Сауд Арабиясынын бийлигинин тиешеси болгонун жарыялаган.
Сауд Аравиясынын ханзаадасы Мухаммед бин Салман бул кылмышка өзүнүн тиешеси жок экенин айтып келет.
Дагы караңыз
Сот департаментинин статс-катчысы кармалдыЖалил Атамбаев кармалды (видео)Беларуста активисттин өлүмүн ашкере кылган дарыгер жана журналист соттолдуҮч журналистти өлтүрүү жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өзүнө алдыАКШда жашы жеткендер майдын соңуна чейин эмделиши керек «Кыргыз Туусу» басылмасына Мырзакат Тыналиев жетекчи болуп дайындалдыУКМК Калиева Тартип комиссиясынын ишине жолтоо болуп жатканын билдирди, Жогорку сот аны четке кактыРеферендум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды