“Азаттык”: - Исмаил мырза, Жогорку Кеңеш бүгүн (3-март – ред.) Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Талкуу учурунда эл өкүлдөрү Конституцияны кабыл алуу процедураларына көбүрөөк басым жасап, аз сандагы депутат каршы пикирин билдирди. Алар жаңы документти кабыл алуунун мыйзамдуу негиздери жок деп атышат. Бул канчалык негиздүү?
Исмаил Исаков: - Биринчиден, ошол азчылык туура айтып атат. Конституциялык нормалар бузулууда. Себеби, жаңы Конституцияны кабыл алууга укуктук нормалар жол бербейт.
Экинчиден, долбоорду талкуулоонун мөөнөттөрү бузулуп жатат.
Үчүнчүдөн, Конституциянын бул долбоору - дүйнөгө уят кыла турган долбоор. Себеби, анда тең салмактуу, көз карандысыз бийлик бутактары түзүлгөн эмес. Муну кабыл алуу коркунучтуу. Келечекте чоң чырга алып барат да, аягында ушул кейпибизге кайра келебиз. Ошондуктан, көпчүлүк акылдуулук кылса колдобош керек эле. Булар көз каранды, илинчектери болсо керек же кошоматчылыгынан колдоп берип жатышат деп эсептейм.
Дагы караңыз Референдум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
“Азаттык”: - Долбоорду азыр оңдоо же процедураларын өзгөртүү мүмкүнбү?
Исмаил Исаков: - Албетте, мүмкүн. Бардык учурда мүмкүнчүлүк тапса болот. Баптарына өзгөртүү киргизип койсо болот. Президенттин, Жогорку Кеңештин, аткаруу бийлигинин, соттун, жергиликтүү бийликтин укуктарын алмаштырса болот.
“Азаттык”: - Президенттин укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги тууралуу да бир топ талаш-тартыштуу пикирлер айтылды. Сиз долбоор менен таанышып чыктыңыз да. Президенттин жоопкерчилиги боюнча кандай жоболорду байкадыңыз?
Исмаил Исаков: - Мен окуп чыктым. Долбоорду ушул калыбында кабыл алса, келечекте бир дагы мамлекеттик түзүлүштөгү реформага жол берилбей, жолдун баары жабылып калат. Бул нормалар менен кетсек өнүгүү-өсүү болбойт. Кыргызстанда түшүнүк менен иштеген жетекчилер пайда болот.
“Азаттык”: - Эмне себептен сунуштар эске алынбай, эгер эске алынбай жатса, чукул кабыл алуу болуп жатат, сиздин пикириңизде?
Исмаил Исаков: - Бүгүн чукул кабыл алуу зарылдыгы жок. Жаңы президент эски норма менен шайланды. Эски Конституция иштеп жатат. Мындай шартта жеке бийликти күчөткөн жаңы Конституцияны кабыл алуунун кереги жок эле. Азыркы бийликтин, эгер оңдойм деген жакшы ниети болсо, элге берген убадасын аткарам десе , чындап эле тарыхта реформатор болуп калам десе мен айткан баптарды өзгөртүп, убакытты созуп койсо болмок. Эл да таанышып, пикирин айтышы керек. Жогорку Кеңеш 9-мартта экинчи, үчүнчү окуудан өткөрөт дегенди сайттан окуп калдым. Болбойт да. Шашып кайда барабыз?
Дагы караңыз Конституцияга кандай өзгөртүүлөр кирет?“Азаттык”: - Жоопкерчилик жөнүндө. Парламенттик бүгүнкү талкууда ушул маселе да көп көтөрүлдү. Сиз долбоор кабыл алынса келечекте чатак чыгат деп атпайсызбы. Андай болсо ким жооп берет? Конституциялык кеңешмеби, парламентпи же кол койгон депутаттарбы?
Исмаил Исаков: - Конституциялык кеңешме жооп бербейт. Аларда укуктук нормалар жок. Буга депутаттар жана ага кол койгон жетекчи жооп берип калат. Бул убакыттын иши.
“Азаттык”: - Сиз өзүңүз президенттик башкарууну жактайсызбы?
Исмаил Исаков: - Албетте. Мен жактаган үчүн референдумда колдоп бергем. Дүйнөдөгү эң күчтүү Америка мамлекетинин принцибин алып атышат деп кубанып колдогонбуз. Себеби, депутат болуп турганда Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков үчөөбүз мамлекеттик башкаруу концепциясын иштеп чыгып, президенттик башкарууну сунуш кылганбыз. Бирок, долбоордун ичи такыр башка жакка бурулуп кеткендиктен, колдоодон баш тартып жатабыз.
Дагы караңыз Конституциянын долбоору: юристтердин сунушу
“Азаттык”: - Моделине келсек, президенттик башкаруунун жаңы долбоордогу үлгүсү сизди канча пайыз канааттандырат?
Исмаил Исаков: - Бир пайыз да жакпайт. Эмне үчүн? Бийлик бутактарынын иштөө принциби бири-биринен көз карандысыз, тең салмактуу иштешинен көз каранды. Бири-бирин тарта турган тизгин, укуктар болуш керек. Мында андай такыр жок. Тескерисинче, Жогорку Кеңешти маскаралап, тебелеп, депутат он күн ишке чыкпаса кызматтан кетет деген норманы киргизип койгон. Эл шайлаган депутатты кантип ушундай норма менен кетирет? Ал президент менен бирдей укукта болушу керек. Экөөнү тең эл шайлайт.
Экинчиден, Жогорку сот, Конституциялык сот деп, эки баштуу ажыдаарды дагы түзүштү. Америкада бир эле Жогорку сот бар. Эң кедей, 6 миллион калкы бар өлкөдө 46 судья иштейт. Америкада 9 судья иштейт. Бизге ушундайдын кереги барбы? Акчабыз жок, чөнтөк айрык болсо, бюджетти толтура албасак, 70 жаштан кийин аларга пенсия беребиз, иштегендерине айлык акы беребиз. Муну бюджет көтөрө албайт да.
Дагы, президент жергиликтүү сотторду, администрация жетекчилерин бошотот, коет деген нормаларды киргизип алган. Муну бөлүш керек болчу. Азыркы Конституцияда да бар. Жаңынын айырмасы эмнеде?
“Азаттык”: - Сиз сунуштарымды берип атам, айтып атам деп атасыз. Тиешелүү тараптарга бердиңизби жана алар эске алыштыбы?
Исмаил Исаков: Мен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүп атам. Алар көрүш керек, көрүп да жатышкандыр. “Ураалап” өткөрүп жатканда алар мындайды туура эмес кабыл алышат, жактырбайт да.
“Азаттык”: - Айрым юридикалык тараптар, саясатчылар сунуштарды Конституциялык кеңешмеге бердик дешти. Сиз анткен жоксузбу?
Исмаил Исаков: - Жок. Долбоорду Жогорку Кеңешке түшкөндө гана сайтынан алдым. Ага чейин жумушчу долбоор деп атышкан. Кеңешмеде окумуштуумун дегендер жүргөндөн кийин оңдошоор, биз расмий документти көрөлү дегенбиз.