Беларуста активисттин өлүмүн ашкере кылган дарыгер жана журналист соттолду

Катерина Борисевич сот залында

Оппозицияны активдүү өкүлү Роман Бондаренконун өлүмү тууралуу маалымат таратканы үчүн Беларус соту дарыгер Артем Сорокин менен журналист Катерина Борисевичти кести.

"Тез жардам" кызматынын дарыгери Сорокин 2 жылга, ал эми www.tut.by маалымат сайтынын кызматкери Борисевич 6 айлык абакка соттолду.

31 жаштагы Роман Бондаренко Минскиде былтыр 11-ноябрда табышмактуу жагдайда каза болгон. Ал күнү шаардын короолорунун биринде оппозициянын символу болгон ак-кызыл ленталарды чечип салып жаткан адамдардын жанына Бондаренко барып, эмне болуп жатканына кызыккан. Ал беткап тагынган адамдар Бондаренкону ошол жерден кармап кетишкен. Кийин ал ур-токмоктон ууккан абалда ооруканага түшүп, эсине келбей жатып жан берген.

Александр Лукашенко Бондаренко жаңжалга мас абалында аралашып каза болгонун айтса, Беларустун Тергөө комитети активист жергиликтүү тургундар менен болгон мушташтан көз жумганын билдирген.

Ошол эле маалда былтыр ноябрда дарыгер Артём Сорокин менен Катерина Борисевич активист Роман Бондаренконун өлүмү боюнча расмий бийлик айтып келаткан версияны жокко чыгарышкан. Ага далил катары TUT.BY сайтына маркумдун ооруканадагы алгачкы кароодогу документи жарыяланган. Анда активисттин спирт ичимдигин ичпегендиги далилденген.

Ошондон кийин Сорокин менен Борисевичке медициналык сырды ачыкка чыгарды деген айып тагылган. Беларус оппозициясынын өкүлдөрү Роман Бондаренконун өлүмүнө күнөөлүүлөр азыркы учурга чейин кармала электигин жана ал күч кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапканын айтып келишет.

Дагы караңыз

Үч журналистти өлтүрүү жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өзүнө алды"Freedom House" глобалдык эркиндик деңгээли төмөндөгөнүн белгиледиРеферендум жөнүндөгү долбоорго камактагы депутаттын добуш бергени суроо жаратты«Кыргыз Туусу» басылмасына Мырзакат Тыналиев жетекчи болуп дайындалдыРеферендум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыУКМК Калиева Тартип комиссиясынын ишине жолтоо болуп жатканын билдирди, Жогорку сот аны четке кактыСадыр Жапаров: Эки мамлекеттин соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жататБулак: Камакка алынган Кубанычбек Жумалиев менчик ооруканада дарыланууда4-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болотАКШ элчилиги Камчыбек Көлбаевдин бошотулушуна тынчсыздануу билдирди