«Кыргыз Туусу» басылмасына Мырзакат Тыналиев жетекчи болуп дайындалды

Мырзакат Тыналиев.

«Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору - башкы редактору болуп Мырзакат Тыналиев дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 3-мартта кол койду.

Мурдагы жетекчи Эрнис Балбаков 16-февралда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Мырзакат Тыналиев буга чейин басылманын жетекчисинин биринчи орунбасары болгон.

«Кыргыз туусу» — улуттук башкы гезит. Мурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму менен Министрлер Советинин органы болгон.

1924-жылдын 7-ноябрында «Эркин тоо» деген ат менен биринчи саны араб арибинде жарыкка чыккан. 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан», 1956-жылы «Советтик Кыргызстан», 1991-жылы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.

Азыр мамлекеттин каржылап, колдоосу менен жумасына эки жолу орточо 5000 нускада чыгат. Басылманын kyrgyztuusu.kg сайты да иштейт. (SE)

Дагы караңыз

Үч журналистти өлтүрүү жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өзүнө алдыӨзгөндө "Аллаху акбар" деп асманга ок аткандардын тек-жайы аныкталдыРеферендум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды