Өзгөндө "Аллаху акбар" деп асманга ок аткандардын тек-жайы аныкталды

Оштун Өзгөн районунда "Аллаху акбар" деп кыйкырып, асманга ок аткан уландардын тек-жайы аныкталды. Милиция аларды таап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев "Азаттыкка" билдирди.

Балдар ок аткан видеотасма 1-мартта Whatsapp аркылуу тараган. Алар Эркин-Тоо айылынын тургандары экени, видео өткөн жылдын сентябрында тартылганы аныкталды.

Милиция тасмадагылардын биринен 17 жаштагы уландан 12-калибрлүү Х 3575818 Е сандуу кундагы жок куралы алынганын кабарлады.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

-Баласына ок атуучу куралды бергени жана аны мыйзамсыз сактаганы үчүн ата-энесине айып пул салынат. Балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө бошотулду, - деди Аширбаев.

Дагы караңыз

УКМК Калиева Тартип комиссиясынын ишине жолтоо болуп жатканын билдирди, Жогорку сот аны четке кактыРеферендум боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыОрусия Евробиримдик менен АКШнын санкциясына жооп кайтарды Булак: Камакка алынган Кубанычбек Жумалиев менчик ооруканада дарылануудаСадыр Жапаров: Эки мамлекеттин соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатат4-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот