Бишкекте 2-4-класстар да мектепке барып окуй башташат

Бишкектеги мектептердин бири. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Бишкекте 9-марттан баштап 2, 3, 4-класстын окуучулары да мектепке барып окуй башташат. Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечим эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын отурумунун жыйынтыгында кабыл алынды.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында Кыргызстандагы мектептер онлайн окутууга өткөн. 1-сентябрда 1-класстар мектепке барган.

2020-2021-окуу жылынын экинчи чейрегинде Бишкек шаарынан башка аймактардагы мектептер 1-6, 9, 11-класстарга ачылган. Андан кийин этап-этап менен башка класстар да бара баштаган.

Февралдан тартып Бишкекте 1, 5, 9, 11-класстын окуучуларына мектепке барып окууга уруксат берилген.

9-мартта бала бакчалар даярдоочу жана жогорку тайпадагы балдарга жана атасы же апасы гана тарбиялап жаткан жеткинчектерге эшигин ачат. Бирок ар бир тайпада баланын саны ондон ашпашы керек.

Дагы караңыз

Коронавирус дагы 48 адамга жукту, бир бейтап көз жумдуЖогорку Кеңеш: Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторлору боюнча талаш жаралды (видео)Депутат Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорун ачыкка чыгарууга чакырдыСабировдун мандаты спортчу Акыл Кемеловго берилди