Күйүүчү майды сыртка ташууга убактылуу чектөө киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун 2-марттагы чечими менен күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга тыюу салынды.

Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул мунайдын ички базардагы таңсыктыгына жол бербөө максатында көрүлгөн чара.

Чечимге ылайык, күйүүчү майды өлкөдөн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн башка мамлекеттерге темир жол, унаа жолу менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Өлкөдөн тышка чыккан автоунааларга бензобактагы күйүүчү майдан тышкары дагы 20 литрге чейин күйүүчү май алуусуна уруксат берилет.

Чечимдин аткарылышына Мамлекеттик бажы кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, Чек ара кызматы, Транспорт жана жол министрлиги көзөмөл кылат.
Чечим кол коюлган убактан тартып күчүнө кирди.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жыл жаңыргандан бери 14 пайызга, башкача айтканда 10 сомго кымбаттады. Мунай сатуучулар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды болуп жатканын билдирүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ менен Евробиримдик Орусиянын төрт аткаминерине санкция киргиздиАрмян президенти Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу сунушун кайрадан четке кактыНавальный иши: АКШ жети орус аткаминерге санкция салатМуралиев: Эгемендик үчүн Горбачёвго ыраазыбызТүркия: Чектөөлөр алынып, эмдөө башталдыПрезидент Садыр Жапаров Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугуштуОоганстанда үч журналист кол салуудан каза болдуМуфтияттын ишинде жамааттар тиреши барбы?Камчы Көлбаев абактан бошотулду