Кыргыз-казак чек арасында товар өткөрө турган логистикалык борбор түзүлөт

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында топтолгон жүк ташуучу автоунаалар. 2017-жылдын ноябрь айы.

Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн чек арада логистикалык борбор түзүлөт.

Эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2-мартта Нур-Султандагы жолугушууда аталган борборду түзүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Президенттер жолугушууда транспорттук-транзиттик багыттагы кызматташтык, маалымат алмашуу, биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Чек ара кызматташтыгы боюнча регион аралык форум өткөрүү ниетин билдиришти.

Евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында капитал, эмгек, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча иштерди бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.

Жапаров Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен 2-мартта барды.

Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан маалда кыргыз-казак мамилеси кыйла солгундап кеткен. Ошол кездеги кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын жетекчилигин айыптаган билдирүүлөрүн улай, кыргыз-казак чегинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги түзүлгөн.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Нур-Султан менен Бишкектин мамилеси жөнгө салынганы менен чек арадан товарларды эркин өткөрүүдө кыйынчылыктар уланып келген.

Кыргызстан коңшу мамлекетти Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдерди аткарбай жатат деп айыптаган. Расмий Нур-Султан чек арада текшерүүнүн күчөгөнүн Кыргызстандан агылган аткезчиликти токтотуу максаты менен түшүндүргөн. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак президенттери биргелешкен кайрылуу кабыл алыштыБашкы прокуратура: Cаламаттык сактоо министрлиги 3,5 млн. сомго мыйзамсыз дары сатып алганКытайлык жаранды тоноого шектүүлөр кармалды (видео)