Намангандын акими Бунёдкор маалесине көчүп келди

Бунёдкор айылындагы облус акими үчүн контейнерден курулуп жаткан үй. Наманган облусу. Февраль, 2021-жыл.

Наманган облусундагы Бунёдкор айылында облус акими Шавкат Абдураззаковго контейнерден үй курулууда.

19-февралда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Наманганга сапары учурунда облус борборунан сегиз чакырым алыс жайгашкан бул айылга күтүүсүздөн барган.

Ал калктуу конуштун абалын сынга алгандан кийин облус жетекчиси ушул жерге көчүп келип, маалени жакшыртууга убада берген.

Облус администрациясынан билдиришкендей, аким үчүн курулуп жаткан үй бир нече контейнерден турат жана жашоо үчүн керектүү бардык шарт түзүлөт. Мобилдик үй улам шарты жакшыртылуучу айылдарга көчүрүлүүгө ылайыкташтырылат.

Намангандык активисттердин бири билдиргендей, ушул тапта Бунёдкор айылын жакшыртуу үчүн миңдей киши – мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат.

"Алар көчөлөрдү шыпырып, асфальт төшөп, гүл отургузуу үчүн жол жээктеринде атайын аянтчаларды курушууда. Дубалдарды акташып, көчөт тигип жатышат. Биздин мааледе канча жылдан бери суу түтүктөрү болгон эмес, кишилер сууну арыктан алып ичишчү. Жаратылыш газы болгон эмес. Азыр суу куурларын тартып, ал гана эмес газ киригизиле турганын айтышууда", – деди ал.

Наманган облусунун администрациясынан билдиришкендей, жакын арада облустун бардык райондорунун акимдери жана Наманган шаарынын башчысы үчүн контейнерден үйлөр курулат, бардык айылдар мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда ашар жолу менен жакшыртылат.

Дагы караңыз

Казакстан: Сатпаев шаарындагы былтыркы тополоң боюнча сот жүрүмүНур-Султан: Жапаров менен Токаев кыргыз-казак алакасын талкууладыПашинян парламенттик эрте шайлоого барууга макулСловакияга орусиялык “Sputnik V” вакцинасынын алгачкы тобу жеткирилдиАбжалиевдин мүлкүн териштирүү башталды. Депутат аны "куру доомат" деп бааладыТүркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштадыВашингтондун Ооганстанда тынчтык орнотуу аракети активдешти