Самат Кылжыев үй камагына чыкты

Самат Кылжыев.

Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы, радио жыштыктар чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынган Самат Кылжыев үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 25-февралда кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Өкмөттүк аппараттын мурдагы башчысы Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуудагы коррупцияга айыпталып кармалып, Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы ачыкка чыгып, бул боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Максат Жылышбаев баштаган бир нече кызматкери, «Ала-ТВ» ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров, компаниянын дагы бир кызматкери Дмитрий Ветлугин кармалган.

Булардын ичинен Наталья Черногубова тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишимге байланыштуу декабрдын башында үй камагына чыгарылганы мурда кабарланган болчу.(ZKo)

Дагы караңыз

Абжалиевдин мүлкүн териштирүү башталды. Депутат аны "куру доомат" деп бааладыАлиярбек Абжалиев: Мага куру доомат коюлуп жатат (толукталды)АКШнын атайын чабарманы Халилзад дүйшөмбүдө Кабулга бардыБишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларга эскертүү бердиМуфтияттын ишинде жамааттар тиреши барбы?Күйүүчү майдын баасы чөнтөктү какмай болдуФранциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилдиЖарандык коом: Куугунтук болуп жататИзраил кемеге кол салуу үчүн Иранды айыптады