Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акыркы эки айда 14 пайызга, башкача айтканда 10 сомго жакын кымбаттады. Бул айдоочулардын чөнтөгүнө зыянын тийгизүүдө. Мунай сатуучу компаниялар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды болуп жактанын билдирүүдө.
Күйүүчү майдын баасынын кымбаттыгы айрыкча Баткен облусунда сезилди. Ушул тапта АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40-45 сомду чапчып турат. Баткен шаарынын тургуну Абдулашим Гапаров жазгы талаа иштери башталганда, мындай кымбатчылыкты эл көтөрө албай жатканын айтууда.
“Буга чара көрбөсө болбойт. Мен 100 литр солярка алайын деп бир сааттай кезекте турдум. Менин артымда дагы толтура киши калды. Аларга качан алып бүтөрүн билбейм. Мен Тажикстан менен чектеш Арка деген айылда жашайм. Бизден алыс айылдарда 50 сомго чыкты деп айтып жатышат. Биз 45 сомдон алып жатабыз”.
Күйүүчү майдын кымбаттыгы бишкектик таксисттерди да кыйнады. Алар күнүмдүк тапкан акчасы эки эсе азайганын айтышууда.
Бишкек шаарынын тургуну Азамат Самарбеков таксисттин иши оорлошуп баратканын айтты.
"Бензин кымбаттаганы менен таксинин баасы ошол боюнча эле да. Бир күндө 1000-1200 сом табам. Мурда бир күндө 500-600 сомго бензин куйчумун. Азыр 800-900 сомго бензин куюп жатам. Тапкан акчам эч нерсеге жетпей калды".
Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 42 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38 сом 90 тыйындан сатылып жатат.
2020-жылдын ноябрь айында АИ-95 бензини 36 сом 3 тыйын, АИ-92 бензини 31 сом 7 тыйындан сатылган. Дизел 33 сом 17 тыйын болгон.
1-мартта Бишкекте Кыргызстан мунай ташуучулар бирлиги күйүүчү майдын баасы тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандай, өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тартып эле бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулаган. Баа мартта дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.
Аталган бирикменин аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, буга дүйнөлүк базарда жана Орусияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспорту токтогону себеп.
"Мунай ташуучулар бирлиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон запастарды колдонууда. Бирок баары бир дүйнөлүк баанын өсүшү жана сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого тоскоол боло албай жатабыз. Жыл башынан бери Орусиянын Кыргызстанга жөнөткөн күйүүчү майдын баасы 67% жогорулады. Маселен эки ай мурда бир тонна бензинди 300 доллардан сатып алып жатсак, бүгүнкү күндө 500 доллардан ашты. Ал эми дизел 360 доллардан 470 долларга кымбаттады. Коронавирус коркунучунан улам дүйнөлүк экономика оңбогондой зыян тартып, азыр акырындык менен калыбына келип жатат. Мындай шартта күйүүчү майга талап да күчөдү. Учурда бир баррель бензиндин баасы 67 доллар болду. Жыл башында анын баасы 50 доллар болчу".
Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан жана Казакстандан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген.
Ал эми Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май январь айынан бери экспорттолбой турат.
Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатовдун маалыматы боюнча, 2020-жылы Казакстанда мунай өндүрүүдө профицит (ашыкча өндүрүү) катталып, Кыргызстанга арзан баада күйүүчү май алып келүү тууралуу макулдашылган. Бирок коңшу өлкө өз заводдорунда оңдоо иштери жүрүп жатканын жүйө келтирип экспортту токтотуп койгон.
Экономика министрлигинин өкүлү Зайнидин Жумалиев мунайдын Кыргызстандагы баасы Орусиядан көз каранды деп билдирүүдө.
“Орусиядагы мунай өндүргөн заводдордогу баа февраль айында 2,5-3% жогорулады. Тактап айтканда бир тонна бензин 91 долларга дизел 25 долларга өстү. Бул нарк Кыргызстанга түздөн-түз таасирин тийгизет. Анткени Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдын негизги бөлүгү Орусиядан келет”.
Анткен менен айрымдар күйүүчү майды Казакстандан ташып келип, Орусиядан келген бензинден арзан сатып пайда көрүшөт. Ушул тапта Чүйдүн тегерегиндеги жол жээктеринде чакалап бензин сатып отургандар бар. Айдоочуларга арзан түшкөнү менен Казакстандан экспорттолгон бензиндин дээрлик баары эле аткезчилик жол менен ташылып келерин алар биле беришпейт.
Экономика тармагы боюнча эксперт Кайрат Итибаев Кыргызстан күйүүчү май ташууда башка өлкөгө көз каранды болуудан чыгышы керектигин белгиледи. Итибаев мунун бир нече жолдорун сунуш кылды.
“Азербайжан менен же Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп Кыргызстанга чийки заттарды алып келип, кайра иштетиш керек. Алар менен соодалашып, көп тараптуу сатып алуу жолун табуу абзел. Кыргызстандагы кайра иштетүүчү заводдорду иштетип, өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кылсак болот. Бул практиканы Казакстан, Өзбекстан колдонуп жүрөт. Ошондо баа стабилдүү кармалат. Бул Кыргызстанда сатылган бензин же дизел отуну арзандап кетет дегендик эмес. Бирок дыйкандар стабилдүү баага көңүп ошого жараша иштерин пландашат”.
Кыргызстандын күйүүчү майга болгон бир жылдык керектөөсү 1,1 млн. тоннага жетет.
Учурда Казакстанда АИ-92 бензини 170 миң теңге болууда. Бул бааны кыргыз сомуна которгондо 34 сом 60 тыйын болот. Ал эми Москвада ушул күнү АИ-92 бензини 45 рублдан сатылып жатат. Муну сомго чакканда 51 сом 45 тыйын болот.