1-марттын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт

Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.

1-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 8…13;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21…-26, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 8…10 градус.