Бишкекте бүгүн, 28-февралда жарандык коом өкүлдөрүнүн Кыргызстанда мыйзамдуулуктун сакталышын жана коррупцияга каршы күрөштү талап кылган салттуу акциясы өттү.
Жыйырма чакты активист Темир жол бекетинин жанынан чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянты көздөй тынчтык жүрүш уюштуруп, акциясын жыйынтыкташты.
Алар колуна "Коркпо. Жакшы жашоону талап кыл" деген жазууну кармап турушту.
"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык марштары 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат.
Кыймыл 27-февралда социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына “Ачык куугунтуктоо башталды!” деген билдирүү жарыялап, 27-февралда Бишкекте уюштурган иш-чарасына күч кызматкерлери катышууга аракет кылышканын сынга алган. Күч органдары бул билдирүүгө жооп кайтарган жок. (NT)
Дагы караңыз
Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиБишкек: 45 мандат үчүн ат салышуу ниетин 30 партия билдирди Ошто Райымбек Матраимовду колдогон митинг өтүп жатат COVID-19: Бир күндө бир адам каза болду, 44 бейтап жаңы катталдыАйсулуу Тыныбекова кезектеги алтынын жеңди (финалдагы видео)