Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кумшекердин баасы соңку бир жылда 46% кымбаттады. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылды.
Өлкөдөгү 18 калктуу пункт боюнча мониторинг жүргүзүлүп, кумшекердин баасы орточо эсеп менен 59,93 сом экени аныкталды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда бул 46% кымбат.
Жалал-Абад, Ош, Исфана шаарларында кумшекердин бир килограммы 64 сомдон, Ноокатта 50, Өзгөндө 47 сомдон сатылып жатканы белгилүу болду.
Кумшекер күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктардын бири. Кыргызстанда 2020-жылдын март айында доллар дароо кымбаттап, баалар да жогорулаган. Айрым негизги азыктар дээрлик эки эсе кымбаттады. (RK)
Дагы караңыз
Spotify Кыргызстанда иштей баштадыОкуучулар арасында зомбулукка каршы сынак жарыяландыМээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков Украинада алтын медаль тагыныштыБишкектин дабышы. Кытайдын карызы