Жалал-Абад шаарында бүгүн, 27-февралда быйылкы жылдын “Жаз жармаңкесинин” ачылышы болду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, шаар башкармалыгы уюштурган жармаңкеде айрым азыктар базар баасынан арзан сатылды.
Базарда бир мүшөгү 1650-1800 сомдон сатылып жаткан ун 1600дөн, 12 сомдук жумуртка 9,5 сомдон, 450 сомдук эт 420 сомдон сатылды, калган азыктардын наркы дүкөн-базардыкынан айырмаланган жок.
Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун айтымында, жармаңке ар ишемби-жекшемби сайын уюштурулуп турат.
Облустагы быйылкы жылдын азык-түлүк жармаңкелери 26-февралда Сузак районунан башталган.
Премьер-министр Улукбек Марипов буга чейин «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, азык-түлүктүн кымбатташына тынчсыздануу билдирген жана өкмөттө бааны түшүрүү маселеси талкууланганын айткан.
Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы соңку бир жылда дээрлик эки эсе кымбаттады. (TB)
Дагы караңыз
Нигерияда уурдалган 300дөй кыз дайынсызАКШ тергөө бюросу Пригожинге издөө жарыяладыЖапаров 2-3-мартта Казакстанга барат Бишкекке Өзбекстандын башкы дипломаты келдиЧет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдө